Маркум депутат Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд жаш акындарга конкурс жарыялайт
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, маркум Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд жаш акындарга конкурс жарыялайт. Бул тууралуу маркум депутаттын кызы Айдай турсунбекованын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, жаш акындар арасында өткөрүлүп жаткан конкурстун жалпы байге фонду 200 000 сом.
“Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте жаш акындар арасында “Жаш толкун” поэзия конкурсун жарыялайт.
Конкурска 18 жаштан 35 жашка чейинки (35 жаш кошулат) акындар катыша алышат.
Байге фонду – 200 000 (эки жүз миң) сом:
Гран-при – 100 000 (жүз миң) сом
1-орун – 50 000 (элүү миң) сом
2-орун – 30 000 (отуз миң) сом
3-орун – 20 000 (жыйырма миң) сом.
Конкурстук арыздар электрондук (fond.tursunbekov@gmail.com) жана кагаз түрүндө жиберилиши шарт.
Фонддун дареги: Бишкек. ш. Кулиев 2, почта индекси 720010.
Сурап билүү үчүн телефон: 0312 658-658, 0554 53-54-85.
Конкурстун жобосу жана шарттары менен Улуттук жазуучулар союзунун сайтынан таанышсаныздар болот”, - деп жазылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат, акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Турсунбеков 2020-жылы 6-июлда, Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө эки тараптуу пневмониядан жакшы боло албай каза болгон.
Добавить комментарий ×