Маркум акын Зайырбек Ажыматовду эскерүү спектакли коюлат
Белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун жаркын элесине арналып спектакль коюлат. Бул тууралуу “Барометрге” спектаклди уюштуруучулар кабарлашты.
Маалым болгондой, маркум акынды эскерүү спектакли 17-18-март күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында болот.
"Жүрөктөгү бороон" ( Акындын бир күнү) аталышындагы спектаклди мамлекеттик "УЧУР" жаштар театры койот.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын , журналист Зайырбек Ажыматовтун жаркын элесине арналган жаңы спектаклдин бет ачары 17-март күнү 18:00до башталат.
“Арабыздан эрте кеткен акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун элесин эскерип жүрүү ар бир жаш муундун милдети. Акын жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан ырларын жаш муунга табылгыс белек кылып таштап кетти. Биздин милдет акындын өз баласындай аздектеп баккан ырларын, чыгармачылыгын элге жеткирүү”, - деп билдирди уюштуруучулар.
Акынды эскерүү спектаклине барууну каалагандар үчүн байланыш телефон: 0707 780 468.
Эске сала кетсек, бир нече китептин автору, журналист Зайырбек Ажыматов 2020-жылдын 29-апрелинде каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/markum-akyn-zajyrbek-azhymatovdu-esker-spektakli-koyulat
Добавить комментарий ×