Легенда менен коштошуу. Марадонанын сөөгүн бекиткен бийлик. Полиция менен кагылышкан күйөрмандар

27 ноября 2020 09:55 13190 Barometr
Поделиться в:
ok

Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте легендарлуу футболчу Диего Марадонаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты аяктады. Бул тууралуу TN телеканалы билдирген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Спортчунун сөөгү салынган кортеж президенттик резиденциядан Жардин де Белла Виста көрүстөнүнө чейин барып, ал жерге коюлат. Марадонанын ата-энеси дагы ошол жерге коюлгандыгы маалым болду.

Буга чейин, Буэнос-Айрестин борборунда кумири менен коштошуу зыйнатына келген футбол күйөрмандары менен полиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болгону маалымдалган. Кагылышуу учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери резина ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, Марадонанын сөөгүн жанынан көрүп, коштошууга кезек күткөндөр 2,2 кмге созулган. Узакка созулган кезек күтүүдөн улам, күйөрмандары тосмодон ашып өтүүгө аракет кылышкан.

Андан кийин, бийлик коштошуу зыйнатын токтотуп, табытты күйөрмандарынан жашыруу үчүн башка жерге көчүрүүнү чечишкен.

Эскерте кетсек, 25-ноябрда 60 жаштагы экс-футболчу жүрөк оорусунан каза болгону белгилүү болгон. Марадона Буэнос-Айрестин жанындагы Тигре шаарында операциядан кийин реабилитациядан өтүп жаткан үйдө көз жумган.

Аргентинада Марадонанын өлүмүнө байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Сөөгү 26-ноябрда Буэнос-Айрестин четиндеги көрүстөнгө коюлду.

Футболчу карьерасында Аргентинанын жана Европанын клубдарында ойноп, 490 беттеште 259 гол киргизген. Аргентина курама командасынын курамында футболчу 91 беттеш өткөрүп, 34 гол киргизген.

Ссылка: https://barometr.kg/maradona-menen-koshtoshuu-zyjnaty-policiya-menen-kagylyshkan-kjrmandar-futbolchunun-sgn-bekitken-bijlik



Добавить комментарий