"Манчестер Юнайтеддин" мурдагы футболчусу өнөктөштөрүнүн бут киймин уурдаганын мойнуна алды

19 февраля 2021 14:28 813 Barometr
Поделиться в:
ok

"Манчестер Юнайтеддин" мурдагы футболчусу Равел Моррисон командалаштарынын бут кийимин уурдаганын мойнуна алды. Бул тууралуу Goal.com сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Оюнчунун айтымында, ал муну ал стипендия менен жашагандыктан, үй-бүлөсүн багуу үчүн жасаган. Спортчу Рио Фердинанд менен Уэйн Рунинин бут кийимин уурдап алган.

Моррисон атактуу футболчулардын бир жуп бут кийими үчүн ал болжол менен 250 евро алганын айтты. Ошол эле учурда, англиялык футболчу уурулуктан эч кандай коркунучтуу нерсени көрбөгөнүн, эми анын дүйнө таанымы өзгөргөнүн белгиледи.

Жарым коргоочу Манчестер Юнайтед академиясынын бүтүрүүчүсү. Ал манкуниялыктар менен 2010-жылы Лига Кубогунун матчында дебют жасаган. Моррисондун карьерасындагы акыркы клуб голландиялык “АДО Ден Хааг” болгон. 28 жаштагы футболчу азыркы учурда эркин агент.

Ссылка: https://barometr.kg/manchester-yunajteddin-murdagy-futbolchusu-nktshtrnn-kijmin-uurdaganyn-mojnuna-aldy



Добавить комментарий