Манасчы Сапарбек Касмамбетов каза болду
Манасчы, төкмө акын, КР маданиятна эмгек сиңирген ишмер Сапарбек Касмамбетов дүйнө салды. Бул тууралуу манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирди.
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин айтымында, манасчы 21-январда жерге берилип, сөөгү Бишкекке коюлат.
Касмамбетов менен коштошуу 21-январда саат 10:00дө Бишкек шаары, Киргизия-1 конушундагы Кожомкулов көчөсү 8 дарегинде өтөт.
Улуу манасчы "Эр Кошой", "Билерик" жана башка көптөгөн дастандарды жараткан.
Өз кезегинде Дөөлөт Сыдыков
"Калкагар тоодой карааны.
Түгөнгүс дастан баяны.
Өксүсөк келгис баштандың.
Аба өзүңдү кайдан табалы", - деп манасчынын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/manaschy-saparbek-kasmambetov-kaza-boldu
Добавить комментарий ×