Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Ала-Тоо" аянтында 14 саат тынымсыз манас айтат (Түз эфир)

12 ноября 2020 09:57 1226 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков Бишкектеги “Ала-Тоо аянтында” 14 саат бою “Манас” эпосун айтат. Учурда иш-чаранын ачылыш азыми болуп, Сыдыков манас  айта баштады.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара белгилүү Гиннесстин рекорддор китебине “Манас” эпосун узак мөөнөткө айтып, катталуу максатында уюштурулуп жатат.

Белгилүү болгондой, манасчы 14 саат боюу наар татпай, суу ичпей тынымсыз “Манас” эпосун айтат.

Иш-чаранын максаты, элибиздин каада-салтын жана кыргыз элинин баа жеткис маданиятын дүйнөгө таанытып, жаштарга мурас катары калтыруу болуп саналат.


Ссылка: https://barometr.kg/manaschy-dlt-sydykov-ala-too-ayantynda-10-saat-tynymsyz-manas-ajtat-tz-efir



Добавить комментарий