Манас күнүнө карата бүгүн парламентте Манас айтылып, сыйлыктар тапшырылды

4 декабрь 2018 16:24 1101 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн "Манас" эпосунун күнү белгиленип, мекемелерде ага арналган ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Бүгүнкү улуу күндү Жогорку Кеңештин жыйындар залында да башкача бир дем менен белгилеп жатышкандыгын парламенттен билдиришти. 

Жогорку Кеӊеште «Манас» эпосунун күнүнө карата депутаттардын, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, окумуштуулар менен манастаануучу адистердин катышуусунда «Манас» – кыргыз рухунун туу чокусу» темасындагы илимий-практикалык конференция өттү. Бул иш-чара «Манас» эпосунун руханий мааниси менен келечегине, залкар манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык, Жусуп Мамайдын 100 жылдык, Шаабай Азизовдун 90 жылдык маарекелерине арналды-деп жазылат маалыматта.

Илимий иш-чаранын алкагында “Манас” ааламы” жана “Саякбай” даректүү тасмалары көрсөтүлүп, “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылды. Катышуучулар “Манас” эпосунун күнүнө карата Сагымбай, Жусуп Мамай, Шаабай сындуу залкар манасчылардын чыгармачылыгына жана манасчылык өнөргө арналган, ошондой эле “Манас” дастанына байланыштуу китептер менен көркөм жасалга сүрөттөр коюлган көргөзмө менен таанышты. Андан тышкары, бир топ манасчыларга Жогорку Кеӊештин сыйлыктары тапшырылып, белектер тартууланды.

Ал эми парламенттик радионун диктору Кипариса Сурахманова: "Кадимкидей зал ичинде жымжырттык орун алып, андагылардын кулактан кирип, жүрөккө уютуп уккан "Манасы" бул ирет сахнада эмес, кадимки Жогорку Кеңештин төрүндө жаңырды"-деп жазды жеке баракчасына. 

Жыйынтыгында «Манас» – кыргыз рухунун туу чокусу» темасындагы илимий-практикалык конференциянын катышуучулары тарабынан резолюция кабыл алынып, тийиштүү мамлекеттик органдар менен илимий мекемелерге “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын жакшыртуу жаатында сунуштамалар берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/manas-knn-karata-bgn-parlamentte-manas-ajtylyp-syjlyktar-tapshyryldy



Добавить комментарий