“Манас” аэропортунда Тажикстандын жаранын жасалма паспорт менен кармашты
Кыргыз республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча 2018-жылдын 28-сентябрында чек арачылар “Манас-аэропорт” КӨЖ жасалма паспорт менен өлкөгө кирүүгө далалат кылган Тажикстандын жаранын кармашкан.
Эл аралык “Манас” аэропортуна Стамбул-Бишкек 348-рейси менен учуп келген жарандарга паспорттук көзөмөл жүргүзүү учурунда чек ара кезмети толугу менен жасалма паспорт 1985-ж.т., Б.Х., аттуу Тажикстандын жаранын аныкташкан.
Документти текшерүү учурунда паспорттун толугу менен жасалма экендиги билинген.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран КР УКМК территориалдык бөлүгүнүн кызматкерлерине тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/manas-aeroportunda-tazhikstandyn-zharanyn-zhasalma-pasport-menen-karmashty
Добавить комментарий ×