Манас аэропортунда митинг болобу?

14 октября 2019 14:16 3058 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

 Эл аралык Манас аэропортунун кээ бир  кызматчылары  митинге чыгышат. Бул тууралуу ѳздүк булак  Barometr.kg маалымат агенттигине  билдирди. 

Маалыматта, жетекчилик тарабынан бүгүн чогулуш болуп, 30 кызматкерди үч айга эмгек акы тѳлѳнбѳгѳн ѳргүүгѳ чыгарганы айтылат.

 Кызматкерлер жетекчиликтен себебин сураганда  окутуулар жүргүзүүлѳрүн кабарлашкан. 

Бирок кызматкерлер ушундай жол менен жумушчуларды кыскартат деген коркунуч бар экендигине токтолушкан.

Ал эми эл аралык Манас аэропортунун маалымат катчысы бул маалыматты тѳгүндѳдү.  

Ссылка: https://barometr.kg/manas-aeroportunda-miting-bolobu



Добавить комментарий