“Манас” аэропортунан башкалардын буюмдарын уурдаган жүргүнчү видеого түшүп калган

5 февраля 2020 15:10 916 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин транспорт боюнча ички иштер башкармалыгы “Манас” аэропортунун уурулук кылган кишини издеп жатат.

Ага ылайык, окуя былтыр 13-ноябрда болгон.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы аэропортко кирген ар бир жүргүнчү текшерүүдөн өтөрүн, бирок бир жүргүнчү текшерүү учурунда жеке буюмдарын алууну унутуп калганын билдирет. Бирок текшерүүдөн өткөн башка жүргүнчү аны алып кеткен.

Милиция уурулукка шектүүнүн ким экенин аныктоого жардам берүү үчүн элге кайрылды. Эгер кимдир бирөө шектүүнү тааныса (0312) 693535, 0555 651188 телефондоруна кайрылыңыз.


Ссылка: https://barometr.kg/manas-aeroportunan-bashkalardyn-buyumdaryn-uurdagan-zhrgnch-videogo-tshp-kalgan



Добавить комментарий