Манап: Артур Цветков Ассоль Молдокматованын артынан өзүнө пиар жасап, акча тапкысы келип жатат (видео)
Москвадагы тез тамактануучу жайда теле алып баруучу Артур Цветков менен кыргыз жараны Манап Абразаковдун ортосунда болгон чырдын аягы үзүлбөй келет. Бул жолу Артур Цветковдун Ассоль Молдокматовадан 1 млн доллар өндүрүп алам дегенине жооп кылып Манап Абразаков видео кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу анын өзүнүн соц тармактагы баракчасындагы маалыматка шитеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматта, кыргызстандык айым Ассоль Молдокматованы каралоо менен Цветков өзүнө пиар жасап жатат деп айтылат. Окуя болгондон көп өтпөй эле, тараптар кол алышып, кечирим сурашып, болуп өткөн чыр-чатакка чекит коюшкан. Бирок бир канча убакыттан кийин Артур Цветковдун Молдокматова мени “улутчул” деди деп 1 млн сом талап кылганы акылга сыйбаган көрүнүш экенин айтты.
“Урматтуу Артур Цветков сиз тарапка жазылган миңдеген комментарийлер, ал сиздин мага болгон кемсинтүүңүзгө жооп. Сиз эмнеге кечирим сурап, кол алыштыңыз? Же кайра ушунтип баары бүткөндөн кийин сотко берип, акча талап кылуу максатыңыз беле? Ушундай жол менен акча табуу сиздин бизнесиңизби? “, -деген кескин сын-пикирин калтырды Манап Абразаков.
Эске салсак, 11-августта орусиялык MTV жана MuzTV каналдарынын алып баруучусу Артур Цветков Москвадагы тез тамактануучу жайлардын бирине чыр салган, анда ал кыргыз жаранына кол көтөрүп, аны Россиядан чыгарып жиберүүнү, тагыраак айтканда, өлкөдөн депортация кылам деп коркуткан.
Добавить комментарий ×