Мамлекеттик салык кызматынын башчысына жаңы орун басар дайындалды

4 март 2019 18:34 1035 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улукбек Самыйбеков Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн 4-мартта  кол койду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Самыйбеков Улукбек Сатарбековичти Салык кызматынын борбордук аппаратынын жамаатына Өкмөттүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы Самат Кылжыев тааныштырды.

Жаңы орун басар Салык кызматынын маалыматтык технологиялар жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу менен байланышкан тармакты жетектөөгө алат.

Өкмөттүн өкүлү төраганын жаңы орун басарын тааныштырып жатып, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча жаңы функциялардын өткөрүлгөндүгүнө, ошондой эле салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун ишке ашырылышына байланыштуу, өкмөт тарабынан Салык кызматына коюлган бир катар милдеттер туурасында эскертип өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-salyk-kyzmatynyn-bashchysyna-zhay-orun-basar-dajyndaldy



Добавить комментарий