Мамлекеттик кызматкерлердин 30 пайызын жумуштан кыскартуу күтүлүүдө

6 октября 2021 14:40 1388 Barometr
Поделиться в:
ok

Министрлер кабинети тууралуу мыйзам күчүнө кирсе мамлекеттик кызматкерлердин 30 пайызын жумуштан кыскартуу күтүлүп жатат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров маалымдаганын “Барометр” билдирет.

Ал жумуштан кыскарган баардык чиновниктерге Эмгек кодексинде каралган компенсация төлөнүп бере турганын убада кылды.

“Мен аппаратка чейин көтөрүлүп иштеп келгендер жумушсуз калбайт деп ойлойм. Эгер кимдир-бирөөлөр жумушсуз кала турган болсо, анда эмне кылабыз, айла жок. Алар жумушсуздук боюнча жөлөк пул алышат”,-деп айтты министр.

Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-kyzmatkerlerdin-30-pajyzyn-zhumushtan-kyskartuu-ktld



Добавить комментарий