Бажы кызматкерлери «Лексус GS-250» автоунаасын кармашты
ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген «Лексус GS-250» үлгүсүндөгү автоунаа Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды.
ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген «Лексус GS-250» үлгүсүндөгү автоунааны аныкташты. Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы алдын ала суммасы 432 088 сомду түзөт. Бул факт боюнча чогултулган материалдар чечим кабыл алуу үчүн ЭККМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрулүп берилди.
Добавить комментарий ×