Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясынын чатыры күйүп кетти
Поделиться в:
Бишкектеги мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өрт болду. Жалпы аянты 700 чарчы метр жер күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Кечээ, 28-апрелде саат 14:55ке карай куткаруучуларга өрт болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 16:37де өрт толугу менен өчүрүлдү.
Баардыгы болуп имараттын 700 чарчы метр чатыры өрттөнгөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык өрт электр өткөргүчтөрдү туура эмес куроодон улам келип чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-ala-archa-rezidenciyasynyn-chatyry-kjp-ketti
Добавить комментарий ×