Мамлекетке чыккынчылык кылды деп камалган Муралиев жатак абакка которулду
“Мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып менен камалган Алтынбек Муралиев жатак абакка которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) коомчулук менен иштөө бөлүмү билдирди.
Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек атайын комиссиянын чечими менен 17-октябрда Молдовановка айылындагы №26 колониядан жатак абакка которулган.
“Алтынбек Муралиев азыр күзөттүк кайтаруунун тыкыр көзөмөлү астында үйдө болуп, жумушка чыгууга даярданып жатат. Ушул жылдын февраль айында Бишкек шаардык соту өкүмүн өзгөртүп, 15 жылга чейин эркинен ажыратуу мөөнөтү кыскарган. Андан кийин Жогорку Сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан экен”, -деп айтылат маалыматта.
Алтынбек Муралиев буга чейин Өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектекчиси кызматын аркалап турган.
2014-жылы 4-ноябрында “чет өлкөлүк уюмдарга мамлекеттик сырды ачып, чыккынчылык кылды” деген айып менен камакка алынган. Сот жабык өткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/mamleketke-chykkynchylyk-kyldy-dep-kamalgan-muraliev-zhatak-abakka-kotoruldu
Добавить комментарий ×