Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева бүгүн кызматына кайтып келди

19 октября 2018 14:00 2633 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева өз кесиптештерин коррупция боюнча айыптап, президенттен коргоо суранган. Айтылган коррупциялык иштер Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши тарабынан тастыкталган. Коррупциялык иштерди ачык айтып, ээлеген кызматынан бошотулган Анара Мамбеталиева кайрадан жумуш ордуна келип отурганын Фейсбук баракчасына жарыялады.

"Элим менен мен бийикмин"

Азыр Мамэкотехинспекцияда иш бөлмөмдө отурам. Бугун 19-октябрь Басма сөз катчы кызматымды уланта баштадым. Атам айтмакчы,”Эки ай, ой толгоо менен өткөргөн күнүм бир уучка тете болбой”- калды.Себеби суйгөн кызматыма кайтып келдим. Мен үчүн күйүп мен үчүн  жан тартып жаткан калың журтум,сиздерге терең ыраазымын! Кудайдын буйругусуз кумурсканын буту сынбайт демекчи, балким бул мен башыман өткөргөн окуя жакшы жагына болгон чыгаар.Бул окуяны ким кандай баалап, ким кандай тескесе да ар бириниздердин ой-пикириңиздерди терең сыйлайм.Урматтуу Элим Сиздер менен мен бийикмин, рахмат Сиздерге! Мекенибиз тынч болуп, ынтымакта бололу, менин кызматым Сиздер үчүн! Ошондой эле Урматтуу Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Жаратканым буюрса Сиздер менен күнү-түнү Инспекциянын ишмердүүлүгүн калкка жеткирип, иштешүүгө даярмын, эң башкысы Кудайым буюруп Сиздерге жалан жакшы гана жанылык жеткирип турууга насип этсин! Баардыгыңыздардын колдооңуздарга рахмат, ден-соолукта болуп жаркын маанайда жүз көрүшүп туралы!!!

Ссылка: https://barometr.kg/mamekotehinspekciyanyn-basma-sz-katchysy-anara-mambetalieva-bgn-kyzmatyna-kajtyp-keldi



Добавить комментарий