Мамэкотехинспекциядагы коррупциялык иштер боюнча жетекчилер кызматтан алынат

3 октября 2018 13:45 1568 Barometr
Поделиться в:
ok

  Мамлекеттик экотехинспекцияда айтылган мыйзам бузуулар тастыкталды.

Натыйжада бир катар жетекчилер кызматтан алынышы мүмкүн.

Маалымдалгандай, президент аппаратында түзүлгөн комиссия иликтөөнү жыйынтыктады. Ага ылайык, пресс-катчы Анара Мамбеталиева кызматтан негизсиз кетирилген.

Мындан тышкары, Экотехинспекцияда айлыктар жана сый акылар мыйзамсыз берилип, кадрларды дайындоодо эрежелер бузулган. Ошондой эле жетекчиликтин иш билгиси да начар экени аныкталды.

 Башкы  прокуратура өкмөткө кайрылып, мекеме башчыларын ордунан бошотуу сунушун берди.

Эске салсак, экотехинспекциясынын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева аталган жайдагы коррупция боюнча айтып чыккан. Ал мындан  улам  кызматтан кетирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/mamekotehinspekciyadagy-korrupciyalyk-ishter-boyuncha-zhetekchiler-kyzmattan-alynat



Добавить комментарий