Маматалиев депуттарды Ак үйдөгү иш бөлмөлөрүн өздөрүнүн эсебинен оңдоого чакырды
Бүгүн, 23-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев депутаттарга Ак үйдөгү ар бир кабинетти өз эсептеринен жасатып алууну сунуштады. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасындагы маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет
Ал бул сунушун фейсбук баракчасы аркылуу жолдоп, депуттардын 90 пайызы иш бөлмөсүн оңдоп-түзөп алууга кудурети жетерин айткан.
“Өзүңүздөр билгендей, акыркы окуялардан улам талкаланып калган Ак үй оңдоп-түзөө иштерине муктаж.
Өкмөт оңдоп-түзөө иштерине 450 млн сом бөлүүгө даяр. Бирок 90 % депутаттар иш кабинеттерин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзгөнгө кудурети жетиштүү.
Ар бир депутатка өзүнүн кабинетинин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзүүнү сунуштайм, келгиле компьютерлерди жана ишке керектүү буюмдарды өз эсебибизден алалы.
Ошондо мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан 450 млн сомду азыркы учурдун биринчи кезекте турган курч маселеси - тышкы карызды төлөөгө багыттай алабыз”, - деп жазган Маматалиев.
Добавить комментарий ×