Малдын кырылышы боюнча Нарын районунун акими текшерүүгө кетти
Солтон-Сарыдагы болуп жаткан окуя боюнча КРнын Өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөндөгүлөрдү билдирди.
“Солтон-Сарыда азыркы убакта кытайлык “Jhong ji Mining company” компаниясы иш алып барып жатат. Учурда чалгындоо иштери болуп, жолдор салынууда.
Бул жерде Миң-Булак айылынан 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлык акысы 20 миң - 25 миң сомду түзөт.
“Jhong ji Mining” компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курулуу астында турат. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда.
Учурда ЖМКда айтылган көйгөйлөр (жардыруу жана малдын белгисиз себептерден өлүп калуусу) боюнча териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Нарын районунун акими Семетей Черикбаев баш болгон тиешелүү кызматтын өкүлдөрү Солтон-Сарыга кетти.
Териштирүүнүн жүрүшү Өкмөттүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын фейсбук баракчасынан байма-бай жарыяланып турмакчы.
Бул компаниянын ишмердүүлүгү менен облус башчысы Аманбай Кайыпов бир ай мурун жеринен таанышып келген”,-деп айтылат өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматынын маалыматында.
Эскерте кетсек, Нарын областындагы Солтон-Сары жайлоосунда малдын белгисиз себептерден улам кырылышы 8-июлда белгилүү болгон. Жергиликтүү тургундар муну кендеги жардыруу иштерине байланыштырышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/maldyn-kyrylyshy-boyuncha-naryn-rajonunun-akimi-teksherg-ketti
Добавить комментарий ×