Сот мал уурулукка шектүү катары кармалган 4 жарандын экөөсүн үй камагына чыгарды

6 январь 2020 11:36 3412 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаардык соту Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мал уурулукка шектүү катары кармалган 4 жарандын экөөсүн үй камагына чыгарды. Баш коргоо чарасы кечээ 5-январда Ош шаардык соту тарабынан каралган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  Мурда маалымат бергенибиздей 4 жаран 10 жылкыны Ноокат районунун аймагынан уурдап, Чүй облусуна сатуу үчүн бара жатышканда уурдалган жылкылар жүктөлүп бараткан машинаны коштоп бара жатышканда жыйналган ыкчам маалыматтын негизинде кармалышкан. Үй камагына 1978-жылы туулган М.К (мурда соттолгон) жана 1996-жылы туулган К.А чыгып кетти.      


Ссылка: https://barometr.kg/mal-uurulukka-shekt-katary-karmalgan-4-zharandyn-eksn-j-kamagyna-chygardy



Добавить комментарий