Мал уурдоого шектелип кармалган жаран убактылуу кармоочу жайда муунуп каза болду

11 сентября 2018 21:35 1056 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң РИИБнын убактылуу кармоочу жайында мал уурдоого шектүү тургун асынып каза болду. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти.     

Маалым болгондой, бул окуя мындан бир апта мурда болгон.  Шектүү жаран мал уурдоо фактысы боюнча сурак берип жаткан. Ал буга чейин соттолуп чыккан. Муунуп өлгөн маалда анын жанында эч ким болгон эмес. Учурда бул окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/mal-uurdoogo-shektelip-karmalgan-zharan-ubaktyluu-karmoochu-zhajda-muunup-kaza-boldu



Добавить комментарий