Максат Довранов ырчы Сайкал Садыбакасова менен чындап ажырашканын кабарлады: "Ар ким өз арабасын өзү тартсын"

8 февраль 2019 12:28 30909 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

"Кыз бурак" тобунун солисти, жеке ырчы Сайкал Садыбакасова менен журналист Максат Довранов ажырашты. Бул тууралуу көптөгөн суроолорго чекит коюу ниетинде Максат "Супер инфо" гезитине курган маегинде толук айтып бергенин өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына жазып чыкты.

Довранов интервью чыккан гезиттин сүрөтүн жүктөп:

"Көптөн бери берилип келе жаткан суроолорго жоопторду окуп алыңыздар. Бул темага чекит коюлду деп ойлойм. Мындан кийин эч жерде сөз кылбайм жана сиздер да сурабайсыздар деп ишенем. Ар ким өз арабасын өзү тартсын", -деп баяндама жазып койду. 

Бирок Максат элдин пикиринен качтыбы айтор, пикир калтыруу бөлүмүн өчүрүп койду. Бирок эл анын башка сүрөттөрүнө эки жаштын эки ажырым жолго кеткенине өкүнүп жаткандыгын жазып калтырышууда. Ал эми Сайкал Садыбакасова азыркы учурда Египетте эс алууда жүрүп:

"Эс алуу жеке жашоомо жакшы жетишкендиктерди алып келет деп ойлойм", -деп жазганы бар.

Эске салсак, Сайкал Садыбакасова менен Максат Довранов 2017-жылдын 14-ноябрында үйлөнүү тою болуп өткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/maksat-dovranov-sajkal-sadybakasova-menen-chyndap-azhyrashkanyn-kabarlady-ar-kim-z-arabasyn-z-tartsyn



Добавить комментарий