Макалага нааразы болгон музыканттар журналистти куугунтукташууда

24 мая 2019 14:58 1308 Barometr
Поделиться в:
ok

Биздин басылмада жана Fergana.agency маалымат агенттигинде иштеп жаткан журналист Дина Эдилева Кыргызстандагы рок-музыка жөнүндө макаласы жарык көргөндөн соң куугунтукка кабылды. Журналист респонденттер каалагандай кылып материалды оңдобой койгондугу үчүн нааразы болгон музыканттар соцтармактарды колдонуу менен аны каралап, сөгө башташты.  

Josskee тобунун жумушсуз отурган музыканты Ренат Карабаевдин соцтармактагы пикирине 108 комментарий жазылып, макалага жана анын авторуна карата көптөгөн эскертүүлөрдү камтыган. Башка бир музыкант Иван Юрченконун (Europa + дун үн режиссеру, «В эфире мы» мобунун катышуучусу) роктун ыйыктыгын чагылдырууга бардык атамекендик журналисттер жарабай тургандыгын белгилеп, шылдыңга алган. Дагы бир Фейсбук колдонуучусу Владимир Масленков макаланы өчүртүп саларын айтып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн. Дагы бири журналисттер менен эсептешерин айтат.

Журналист Дина Эдилева болсо жанр тууралуу музыканттан кыскача айтып берүүсүн суранганын жана ал 4 сүйлөм менен жооп бергенин, эми болсо нааразы болуп жаткандыгын белгилейт. Журналисттин айтуусунда, макала көпчүлүк окурмандарга ылайыкталып, жалпылаштырылып даярдалган жана эки анжы ой деле камтылган эмес..

Редакция журналистке карата күч колдонууга ачык чакырык таштаган адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен расмий түрдө укук коргоо органдарына кайрылды.

Ссылка: https://barometr.kg/makalaga-naarazy-bolgon-muzykanttar-zhurnalistti-kuuguntuktashuuda



Добавить комментарий