Майрамбек Осмонов Самара Каримованын жолдошуна арналган ыры тууралуу: "Асандын жан дүйнөсү бай манап"

11 июня 2019 15:19 4598 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Ыр жазып ага обон чыгарып анан элге тартуулоо чоң эмгекти талап кылат ал эми ошол чыгарманы элдин кабыл алуусу же кабыл албай коюусу да өзгөчө сабырды, чыдамкайлыкты талап кылат. Самара Каримова жакынкы күндөрдө композитор, обончу Майрамбек Осмоновдун жолдошу Асан Мансуровго арнап жазган ыры менен бөлүшкөн. Чыгарма чыгаары менен ар тараптуу сындар айтылып, аларды арасында терс пикир айткандар, жакшы сөзүн аябагандарда четтен чыкты. Ырдын жарык көргөгүнө 2 жылдын жүзү болгонуна карбай ырчы чыгарма менен үстүбүздөгү жылдын 8-июнунда  гана бөлүшкөн.

Ал чыгаары менен көпчүлүк ар тараптуу мынга алып айрымдар “бул жагалданып жаткан го”, “мындай ырлар бай манаптарга гана арналып жазылчу эле илгери” деген өңдүү бир канча терс пикирлер жазылды.

Аталган чыгарма тууралуу толук маалымат алуу үчүн Barometr.kg редакциясы Майрамбек Осмонов менен маектешип айрым кызыктуу суроолорго жооп алды.

-Саламатсызбы Майрамбек мырза. Сиз Асан Мансуровго арналган чыгармаңызды кантип жана качан жазып калдыңыз эле?

-Мен Асан менен ал Самарага үйлөнө электе, алар “Самара&Асан боло электе, адамдар талкууга ала элек кезде эле дос болчумун. Биздин үй-булөлөрүбүз достошот. 2016-жылы Асан менен Самара балдарынын суннөт тоюн берген, анан ошондо чыгармачыл адам катары ойлонуп отуруп жазганмын десем болот. Башка кошумча алып барсаң да жок болуп кетет, белектер болсо унутулуп калат дегендей. Бүгүн той болот деген күнү түшкү саат бирлерде баштап туруп кечинде 5-6лар чамасында тойго даяр ыр менен баргам.

-Ырдын мааниси, негизи эле чыгарма кандай өңүттө жазылган?

-Ал ырды угуп көргөн адам тушүнөт деп ойлойм, анткени сөздөрүнө маани берсеңиздер дааватка алып чыгып азанга үйрөтүп алсам болот эле деген саптар бар. Бул дегеним чыгарманын тарбиялык жагы да бар..

-Айтылып жаткан терс пикирлерге кандай комментарий берет элеңиз?

-Мени “ушул Асанга дагы ыр жазабы?” дегендер да болуп жатыптыр. Кемчилиги жок адам жок болот эмеспи, мен алардын пикири менен да талашпайм. Болгону ар ким өзүнүн күнөөсү үчүн өзү жооп берет, андыктан бирөөгө жаман айтаарда адамдар өздөрү аткарган жакшы-жаман иштерди да бир таразалап алышса жакшы болот эле дээр элем. Асан менен Самара дайыма жакшылыктарына чакырып турушат, бул да болсо алардын жетишкендиктери деп ойлойм.

-Бай манаптарга гана арнап ыр чыгарылчу эле дегендерге кандай карайсыз?

-Асанды бай манап көрүп алган го дегендерге жооп: Асан канчалык элдин элегинен өтпөсүн анын жан дүйнөсундө бай манаптык бар. Жөнөкөйлүгүндө бай манаптык бар. Эл кандай айтса ошондой айтсын ал менин жеке жан дүйнөмдүн чечими болгон. Досумдун кандай адам экенин аны менен жеке мамиле кылган адам гана билет деп айта алам.

-Буга чейин да башка адамдарга арнап чыгарган ырларыңыз барбы?

-Андай чыгармаларым толтура. Жүздөгөн ырлар бар, антип ыр жаратуу дагы ар кимдин эле колунан келе бербейт. Ал дагы бир талант. Кудай буюрса мен буга чейин чыгарып келгем мындан ары да чыгара берем. Дүйнө кыска көңүл баарынан кымбат. Асан мага дайыма: “Башка кээ бир белектерди тойдун видеосун көргөндө гана эстеп калабыз. А сенин белегиң эң өзгөчө болгон досум. Каяка барсак да авто унаабызда ырдап турат, чоң рахмат” деп айтып калат. Мен ушундай чыгарма жаратканыма сүйүнөм.

Маалым болгондой Майрамбек Осмонов өзүнүн чыгармалары менен гана таанымал болбостон куудул катары да эл алдына чыгып келет.

Ал эми бул тууралуу Самара Каримова кандай пикирде деп турсаңыз, биз ырчынын да пикирин угуп көрдүк:


Саламатсызбы Самара. Жолдошуңузга арналган чыгарманы кандай кабыл алдыңыздар эле?

-Бул ыр чыкканына негизи эки жыл болду, балдарыбыздын сүннөт тоюнда жакшы катышкан досторубуз болуп 600дөн ашык конок келген. Анан эми жакшы сыйлаган адамдарга дайыма эле чын жүрөктөн белек алып барат эмеспи. Ошол сыяктуу эле Майрамбек Осмонов менен Аске аябай жакшы катышкан достор, анан ал оргиналдуу белегим болсун деп ыр чыгарып келиптир. Биз аябай кубанганбыз, чындыгында өзгөчө белек болгон. Ошондон бери  2 жылдан бери ал ыр биздин жакшылыктарыбызда дайыма коюлуп келет.

Ырды эл менен бөлүшүү пикири кантип келип чыкты?

-Өзүңүздөр бидгендей мен учурда ютуб каналымды активдүу турдө иштетип келем. Ал жактан эл менен жакшы көз ирмемдеримди, жаңылыктарымды бөлүшөм. Күйөрмандарым үчүн деп эле жакшы чыгарма менен бөлүшүүну туура көрдүм.

Терс кабыл алгандар болот деп күттүңүз беле?

-Эми андайлар болуп эле келе жатат жана боло бермекчи. Биз эми баарына жаккандай акча эмеспи. Бири-бирин сыйлаган ушундай достор көп болсун деп жакшы пикир жазгандар да аябай көп болду. Биз үчүн ошондой чоң композитордун атайын ыр жазышы чоң сыймык. Майрамбек Осмоновго дагы чыгармачылык эргүү каалайбыз.

Жолдошуңуз терс пикирлерди кандай кабыл алат?

-Жолдошум өзү аябай шайыр, позитивдүү адам. Отурган жери дайма күлкү. Анын үстүнө жумуштары өтө көп болгондуктан терс комментарий жазгандарды окуп олтурганга убактысы деле жок. Кээде бош болуп калганда “Интернетте эмне жаңылык Самара?” деп телефонун ачып көрүп калат. Анда дагы бир да айтылган сөздөргө маани бербейт. Башында экөөбүз үйлөнгөндөн кийин мен айтылган сөздөргө көңүлүм бузулуп калса тескерисинче мага дем берип турчу, жаныңда сени жакшы көргөн адамдар бар болуп турганда терс пикирлерге маани бербе деп кеңеш айтчу. Капа болгонубуз кан тамырларга зыян, андан көрө күлүп жаша деп да көп айтат. Баары үчүн чоң рахмат айтыбыз.

Маегиңиздерге чоң рахмат!

Ссылка: https://barometr.kg/majrambek-osmonov-samara-karimovanyn-zholdoshuna-arnalgan-yry-tuuraluu-asandyn-zhan-djns-baj-manap



Добавить комментарий