Майрамбек Осмонов: Осмонбек Артыкбаевдин элге кызмат кылышына жол ачыш керек, ал акталыш керек!

9 апрель 2019 15:28 14060 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу,  аткаруучу Майрабек Осмонов Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев акталышы керек деп эсептейт.

“Кыргыз Республикасынын жараны катары Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев агабыз тууралуу өз оюмду билдиргим келет. Ал Токтогул районунан экенибизди билбей туруп эле студент кезде, элге тааныла элек мезгилде төрт-беш бала барып жардам сураганда, көз карашыбыздан бир эле максатыбыз курсак тойгузуш экенин билип туруп бизге маркерлерди кутусу менен карматчу. “Ушуларды өткөрүп, бир ай жан баккыла жана түгөнгөндө келгиле” дечү. Биз аларды алып алып кудуңдап сүйүнгөн боюнча Филармониянын жанындагы ушундай товарларды саткан жер алдындагы өткөөлгө барып арзан өткөрүп, анан курсагыбызды тойгузуп жашообузду уланчубуз. Осмонбек Артыкбаев жаратылышынан бирөөдөн алсам, бирөө аркылуу байысам деп, башканын адал акысына көз арткан адам эмес. Мен ага терең жана толук ишенем. Эмне үчүн дегенде анын Кудайдан берилген мүнөзү абдан ишенчээк, анан бирөөнүн көз карашы кыйынчылык туудурса ошого карап макул деп жиберүүгө даяр болгон көңүлү жумшак, сыпайы адам.

Мен жеке жаран катары Артыкбаевди күнөөлүү деп элестете да албайм. Бул кандайдыр бир ошол учурдагы бийликтин күчкө салуусу менен болгондур деген гана  божомолдуу ойлорумду айта алам. Бирок ал киши бийликке чейин деле, бийликтен кийин деле бирөөгө муктаж боло турган, бирөөдөн жардам сурап, бирөөнүн акысын тартып ала турган адам эмес.

Ошондуктан мен ойлойм, мындай жакшы адамдарды капаска салып камабай, дагы элге кызмат кылуусуна жол ачыш керек деп. Эгерде ушундай мыктыларды камай берсе анда бизде келечек жок. Кимдин аркасынан биз үмүт кылып, кимдин аркасынан биз колун жетелеп ээрчийбиз. Осмонбек Артыкбаев жүрөгү эң таза, колунан келсе эле бирөөгө жакшылык кылайын деп, бирөө кыйшайса аны жөлөйүн, деген бирөө кыйналып артка кайтып товарды албай коеюн десе ага акчасын төлөйүн деген бир башкача адам.

Мен дайыма Осмонбек Артыкбаев агабыз менен аны каныккан таза саясатчы катары, өзүбүздүн Токтогулдун кулуну катары сыймыктанам, эли аны дайыма колдойбуз!

Мындай кишилер эч качан камакта калбаш керек. Мындай адамдар дайыма элдин алдына жарык болуп, алдыңкы катарда жүрүп кызмат кылыш керек”,-деп пикирин билдирди Майрамбек Осмонов.


Ссылка: https://barometr.kg/majrambek-osmonov-osmonbek-artykbaevdin-elge-kyzmat-kylyshyna-zhol-achysh-kerek-al-aktalysh-kerek



Добавить комментарий