Майрамбек Осмонов Асан Мансуровго арнап ыр чыгарды

10 июня 2019 14:30 4655 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Композитор Майрамбек Осмонов ырчы Самара Каримованын жолдошу Асан Мансуровго туулган күнүндө атайын жаңы ыр жазып белек кылган. Бул тууралуу Каримова өзү билдирди. Ырчынын айтымында ырды белек кылынганына 2 жыл болгон.

“2 жыл мурун балдарыбыздын Бишкектеги сүннөт тоюнда үй-бүлөлүк жакын досубуз, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген, композитор, аткаруучу Майрамбек Осмонов “Досум Асанга” деп ыр белек арнаган эле. Эң эле оригиналдуу белектердин бири болгон”, -дейт ырчы.

Маалым болгондой, ырчы менен Асан Мансуров 3 баланы тарбиялоодо.

Дайыма талкууда болуп келген ырчынын жолдошуна атайын арналып жазылган ыр көпчүлүктү таң калтырды.

Ырдын сөздөрүндө Осмонов Мансуровдын жубайы Самара Каримовага кандай колдоо көрсөткөнү жана кылган иштери тууралуу ырдаган.

“Достугуңуздар түбөлүктүү болсун! Сиз менен сыймыктанабыз!”, -дейт ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/majrambek-osmonov-asan-mansurovgo-arnap-yr-chygardy



Добавить комментарий