Ошто милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда

30 августа 2019 12:52 545 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарынын борбордук аянтында келе жаткан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн алдында ички иштер органдарынын горнизондук саптык кароосу болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул иш чарага Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, атайын багыттагы бөлүктүн, ички аскерлердин өздүк курамдары катышышты. Иш чарада кызматкерлердин майрамдык салтанатка даярдыгы текшерилип, мурда жасалган кылмыштар боюнча багыттамалар жеткирилди. Кызматкерлер коомдук жайларга бөлүнүп, алардын кызматын көзөмөлдөө үчүн жетекчилик курамдан кураторлор бекитилди. Алдыдагы Эгемендүүлүк куну жана жаӊы окуу жылынын башталышына карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышмакчы. «Шаардын жашоочуларынын жана конокторунун коопсуздугун сактоо-башкы милдетибиз экендигин эске саламын. Элибиздин ар бир тынч, коопсуз өткөн күндөрүн камсыздап берүү-биздин милдетибиз жана жетишкендигибиз. Бул принципти ар бир кызматкер билип, эл коопсуздугун сактоого чын дилден кызмат өтөөгө тийиш. Элдин башынан өткөн ар бир жакшылык же кемчилик-сөзсүз милиция кызматкерлерине таасир этип, жүрөгү аркылуу өтөөрүн унутпагыла» деди Ош шаардык милиция башчысы, милициянын полковниги М.Боронов.
Айрым кызмат учурунда мыкты ийгиликтерге жетишкен милиция кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.
Майрам алдындагы саптык кароо укук коргоочулардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.


Ссылка: https://barometr.kg/majram-aldyndagy-saptyk-karoo



Добавить комментарий