Майра Керим кызынын уулу жаш төкмө акын Акжолтой Канат уулу каза болду
Маркум төкмө Майра Керим кызынын баласы жаш төкмө акын Акжолтой Канат уулу жол кырсыгынан каза тапты. Акжолтой менен кошо дагы эки адам көз жумган. Бул боюнча акын Бердибек Жамгырчиев өзүнүн facebook'тагы баракчасына жазды.
“Майра Керим кызы эжебиздин уулу Акжолтой Канат уулу жол кырсыгына кабылып каза болду((( эмне деген кыямат((эмне дешти билбейсиң...?”, - деген билдирүү калтырган.
Маалым болгондой, 10-ноябрдан 11-ноябрга оогон түнү Балыкчы-Кочкор унаа жолунда төрт жүргүнчү бара жаткан унаа кырсыкка учурап, үч адам каза болуп, бир адам оор абалда ооруканага жетикирилген. Алардын арасында Кочкор районунун ырчы балдары да болгону айтылат.
Акжолтой Канат уулу 26 жашта болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/majra-kerim-kyzynyn-uulu-zhash-tkm-akyn-akzholtoj-kanat-uulu-kaza-boldu
Добавить комментарий ×