Майлуу-Суу шаарынын тургуну Гульнара Токторбаева дайынсыз болууда

18 мая 2022 11:06 1051 Barometr
Поделиться в:
ok

Майлуу-Суу шаарынын 1966-жылы туулган тургуну Токторбаева Гульнара Латиповна 2022-жылдын февраль айынан бери байланышка чыкпай, дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Учурда Токторбаева Гульнара Латиповнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 150-155 см, чачы кыска кара түстө, ак жүздүү, дене түзүлүшү орто, оң бутуна аксап таяк таянып басат.

Кийген кийимдери: үстүндө кара-кызыл гүлдүү көйнөк, бутунда резина тапочка болгон.

"Дайынсыз болуп жаткан Токторбаева Гульнара Латиповна боюнча кандайдыр бир маалымат болсо кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: 03744 5 06 33,  102,  0755 66 62 88,  0558 99 80 81", - деп жазылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/majluu-suu-shaarynyn-turgunu-gulnara-toktorbaeva-dajynsyz-boluuda



Добавить комментарий