Майк Тайсон коляскадагы сүрөтү тууралуу: "Баарыбыз өлөбүз, жакында менин да күнүм бүтөт"

30 августа 2022 11:37 893 Barometr
Поделиться в:
ok

Бокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Майк Тайсондун майыптар үчүн коляскадагы сүрөтү интернетте желдей тарады. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга шилтеме берип "Барометр" маалымдайт.

Соцтармакта кызуу талкуу жараткан сүрөт тууралуу Тайсон өзү билдирүү таратты.

Оор салмактагы легендарлуу "Темир" каймана атка ээ болгон Майк Тайсондун күйөрмандарын майыптар үчүн коляскада отурганы тынчсыздандырды. 56 жаштагы бокстун легендасы майыптар коляскасында отурганы таркап кеткен. 

"Албетте, баарыбыз качандыр бир күнү өлөбүз. Күзгүгө карасам, жүзүмдөгү кичинекей бырыштарды көргөндө, менин жарамдуулук мөөнөтүм аяктап баратканын билдирет, ал күн да алыс эмес, баары жакында», - деп айткан Тайсон. 

Ал жакында эле NewsMax телеканалына чыгып, коляскада отурган сүрөтү тууралуу айтып берди. 

"Мен да ооруга чалдыгып калдым, оорум маал-маалы менен кармап турат. Оорум күчөгөндө сүйлөй да албай калам. Бул менин ден соолугумдун бирден бир көйгөйү. Бирок, кудайга шүгүр бул менин ден соолугумдагы жалгыз көйгөй. Калганы баары жакшы. Мен азыр мыктымын. Жашоомдогу бардык нерсеге чындап бактылуумун жана биз бардыгы үчүн абдан ыраазыбыз», - деп айтты ал. 

Эскерте кетсек, буга чейин Майк Тайсонду Майами аэропортунда майыптар коляскасынан күйөрмандары сүрөткө тартып алган. 

Ссылка: https://barometr.kg/majk-tajson-majyptar-kolyaskasynda-oturgan-srt-tuuraluu-baarybyz-lbz-zhakynda-menin-da-knm-btt



Добавить комментарий