Май куюучу жайларда башкаруунун автоматташтырылган системасын орнотууга 1 ай калды

29 мая 2020 18:34 990 Barometr
Поделиться в:
ok

Май куюучу жайлардын (анын ичинде автогаз куюучу жана газ толтуруучу компрессордук станциялардын) ээлери 2020-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө АМСти башкаруунун автоматташырылган системасын орнотууну аяктоого милдеттүү экендигин Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Андан соң автоматташтырылган система өлкөдөгү бардык май коюучу жайларда колдонулушу керек. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.  

Жаңы системанын өзгөчөлүгү болуп кардар контролдук-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп май куюусу мүмкүн болбойт, анткени АМСтин май куючу колонкасынан мунай затты берүү жөнүндө сигналы иштебейт. Бул система АМСтен мунайзатты берүү учурунда реалдуу убакыт режиминде маалыматты салык кызматынын серверине параллелдүү берүүгө мүмкүндүк берет.

Башкаруунун автотатташтырылган системасы менен ККМ-онлайндын өз-ара аракеттешүү талаптарына фукнционалдык жактан дал келбеген учурда ишкерлерге АМСтен мунайзатты чекене сатууга таюу салынат. 

АМСте башкаруунун автотатташтырылган системасын киргизүү "Санарип Кыргызстан" санариптик трансформациянын улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашырылып жаткан салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун компоненттеринин бири болуп саналат. Автоматташтырылган башкаруу системасы менен катар Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактуралар, виртуалдык ККМ-онлайн, товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жана башкалар сыяктуу фискалдаштыруу компоненттерин ишке ашырууда. 

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан жана 1240 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.  

Ссылка: https://barometr.kg/maj-kuyuuchu-zhajlarda-bashkaruunun-avtomattashtyrylgan-sistemasyn-ornotuuga-1-aj-kaldy



Добавить комментарий