Май айында кайсы күндөрү эс алабыз?
Май айындагы майрам күндөрү 2021-жыл 3-май жумуш күнү болот. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жумушчу эмес майрам күндөрү белгиленген:
1-май - Эмгек майрамы;
5-май - Кыргызстандын Конституциясынын күнү;
9-май - Жеңиш күнү.
Дем алыш күнүнө жана жумуш эмес майрам күнүнө туш келип калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат. Бирок, кызматкерлер тарабынан дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, КРын Өкмөтү 2020-жылдын 30-декабрындагы N 633 "Эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө" токтом кабыл алды.
Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 3-майындагы эс алуу күнү (1-май дем алыш күнүнө дал келгендиктен, дем алыш күнү деп таанылды) 2021-жылдын 8-январындагы иш күнүнө которулду.
Ошентип, 3-май жумуш күнү болот.
Ссылка: https://barometr.kg/maj-ajynda-kajsy-kndr-es-alabyz
Добавить комментарий ×