Махабат Мавлянова: "Ушундай той көйнөктөрүн кийүүгө уруксат бербениздерчи!" деп кимге кайрылды?
Депутат Махабат Мавлянова өзүнүн интернет баракчасы аркылуу ар түрдүү коомдук талкууларды жаратып, актуалдуу темаларды активдүү талкууга алып келет. Бул жолу депутат айым той көйнөктөрү тууралуу кеп козгоду. Мавлянова өз сөзүндө:
“Айланайын кыргыздын кымбаттуу кыздары, болочок келиндери! Той көйнөктөрдү тандаганда төмөнкүдөй төшү, далысы ачык, чыпташып турган көйнөктөрдү албаңыздарчы, кийбеңиздерчи. Ата-энелер ушундай той көйнөктөрүн кийүүгө уруксат бербеңиздерчи! Той күнү кайын журтуна биринчи көрүнөт. Ата энеси, чоң ата, чоң энелер назар салат. Кыргызда кыздар, келиндер, жарым жылаңачтанып кийинген эмес, анын үстүнө үйлөнүү той күнү! Кылымдар карыткан кыргыздын улуу салттарын сактайлы. Улууларды урматтап, бир аз тартынуу менен мамиле жасоону үйрөтөлү кыздарыбызга. Европанын өзүн алып жүрүүдөгү, кийим кийинүүдөгү демократиясы бизге туура келбешин балдар, кыздарыбызга түшүндүрүп, чыныгы кыргыздын улуу баалуулуктары менен тарбия берели!”, -деп чындыгында бүгүнкү кундө Европа стилиндеги той көйнөктөрү көбөйүп кеткенин билдирди.
Көпчүлүк интернет колдонуучулары да депутаттын сөзүн колдоого алышты.
Добавить комментарий ×