Махабат Мавлянова: "Туркиянын ВМС заводу автобустарды Кыргызстанда эмне өндүрүлсө ошого бартерге берүүгө даяр"

15 декабря 2018 18:11 6293 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Депутат Махабат Мавлянова бүгүн, 15-декабрда жеке социалдык тармактагы баракчасына бүгүнкү күндө көпчүлүктү түйшөлтөн коомдук транспорт тууралуу өз пикирин жазды.

Депутаттын пикиринде Кытайдан келген автобустар  кыска убакыттын ичинде бузулуп калат. Ал эми Турциянын айтып жаткан сунушу мамлекетке дагы айыл чарбасына дагы пайдалуу.

"Турциянын ВМС автобус чыгаруучу заводунун өкүлдөрү менен  жолугушуу болду. Алардын автобустарына 70, 100, 150 киши батат, тетиктери бири-бирине жарай берет.  Сапаты боюнча Германиянын автобустарынан кем калышпайт, баасы бир топ арзан.   10-15 жылда эксплуатациялоого болорун билдиришти.

Эн негизгиси автобустарын бартерге берүүгө даяр экендигин билдиришти. Жылдык пайызы жок.  Кыскасы Кыргызстанда эмне өндүрүп чыксак, мейли фасольбу, жугөрүбү, жангак, мейизби, алтын, күмүш, сурьмабы ордуна жогорку сапаттагы автобустарга алмаштырууга даяр экен.

Менин оюмча Кыргызстандагы коомдук транспортко муктаждыкты ушул жол менен чечсек, элдин да айыл-чарба продукция, товарларын сатууга шарт тузулуп калмак. Кытайдын 70000 долларлык автобустары 2 жылда бузулуп калышына менин көзүм жетип турат." -деп пост жазды Мавлянова.

Депутат айымдын бул пикирин анын интернет катталуучулары колдоого алышууда. Көпчүлүк тендерди кытайлардын утуп алгандыгы тууралуу айтып кайгыргандарга Мавлянова тендерди кайра карап чыгуу сунушун киргизип жаткандыгы тууралуу айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/mahabat-mavlyanova-turciyanyn-vms-zavodu-avtobustardy-kyrgyzstanda-emne-ndrls-oshogo-barterge-berg-dayar



Добавить комментарий