“Мафиозинин сүйүүсү”. Кылмыштуу топтун лидери 18 жаштагы кызды уурдап кетип зордуктаган

26 апреля 2019 19:17 5610 Barometr
Поделиться в:
ok

Москва областына уюшкан кылмыштуу топтун лидери 18 жаштагы кызду уурдап кетип, зомбулук көрсөткөн. Бул тууралуу Lenta.ru кабарлады.

37 жаштагы банда башчысы Москванын чет-жакасындагы Никольское айылындагы кишинин үйүн күч менен тартып алмак болгон,бирок ага кошунасы жардамга келип сактап калган. Ушундан кийин кылмыштуу топтун башчысы анын кызын уурдап кетип, өч алуу максатында кылмыштуу ишке барган.

Полиция менен атайын кызмат операция жүргүзүп уюшкан кылмыштуу топтун башчысын кармады. Тинтүү маалында телефондор, электрошокерлер, баңгизаты жана тапанчалар алынды. Ошондой эле бир нече ок дарылар табылды.

Бул топ үй ээлеринин квартиралары менен турак үйлөрүн тартып алып жүргөн топ экени аныкталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/mafiozinin-sjs-kylmyshtuu-toptun-lideri-18-zhashtagy-kyzdy-uurdap-ketip-zorduktagan



Добавить комментарий