Мадумаров Момбековко "Ажылдактыктын дагы бир чеги болуш керек. Бардык нерсеге аргумент керек"

12 декабря 2018 17:44 4917 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кечээ, 11-декабрда НТС телеканалында "Ар тарап" ток шоу программасы болуп өттү. Программа дебат түрундө өткөрүлүп анда саясатчы, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров, ЖК депутаты, СДПК партиясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков жана "Жаңы муун" саясий кыймылынын мүчөсү Адил Турдукулов "Парламент кандай иштеп жатат?" деген суроонун алкагында сөз кылышты.

Ар тараптуу берилген суроолорго ар тарап өз пикирин айтып, жыйынтыгында талаш пикир жаралды.

Адахан Мадумаров азыркы парламентти катуу сынга алып, ар бир чакырылыш сайын депутаттардын сапаты начарлап бара жатат деп баса белгиледи. Ал эми Момбеков бул пикирге каршы чыгып "Азыркы парламент мурдагы депутаттардай болуп мамлекетке жакшылык кылбаса да жамандык кылган эмес да, бул жерде ошол эле Каркыра жана башка бир топ маселелер мисал боло алат деди. Бирок эң алгач берилген суроого депутат "парламенттин ишин 3,5 же 4 жарым деп баа бере алам, аларды кыйратып жатат десем анда мен акмак болом деп жооп берди.    

Ал эми Мадумаров "биржа" деген сөзүнө таарынган депутатка катуу сын айтты. "Мен андай жигиттерди айайм, ал бир нерсе сатып тиричилигин кылып жүргөн бала экен. Ал эмне айтып койгонун өзү деле түшүнгөн жок. Ага артында олтурган бирөөлөр жазып ушуну окуп койчу дешти, ал болсо окуп койду. Андайларга жооп берүүнүн кажети жок, айдайларды айаш керек" -деп катуу айтты.

Көрсөтүү дебат форматында өткөрүлгөндүктөн кайым айтышуулардын натыйжасында чоң пикир келишпестик жаралды.

Ачуу үстүндө Мадумаров Момбековко "Маданиятсыз киши менен айтышсаң өзүңдүн гана абийириң кетет да. Ажылдактын дагы бир чеги болуш керек да. Тилеке каршы көкүрөгүндө КР желеги болгон төш белгини тагып алып момунчалык деңгээлге түшпөш керек. Болгондо да эски маданият министри. Бардык нерсеге аргумент керек." -деп айтты.

Анын үстүнө бир канча жолу мындай маалыматты билиш үчүн окуш керек деп белгиледи.

Эл өкүлдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы интервьюсун да талкуулашты.


Ссылка: https://barometr.kg/madumarov-mombekovko-azhyldaktyktyn-dagy-bir-chegi-bolush-kerek-bardyk-nersege-argument-kerek



Добавить комментарий