Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Аалы Молдоканов көз жумду

9 июля 2020 11:16 1101 Barometr
Поделиться в:
ok

Маданияттын эмгек сиңирген ишмери, кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон Аалы Молдоканов каза болду. Бул тууралуу анын туугандарына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, Аалы Молдоканов кечээ 8-июлда дүйнө салган.

“Көп жылдар бою улуттук тил комиссиясынын мамлекеттик тил боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген. Борбор калаанын айрым көчөлөрүнө кыргыздын белгилүү тарыхый инсандарынын ысымдарын ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыккан. Кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө, кыргыз тарыхына зор салым кошкон инсан эле”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Аалы Молдоканов белгилүү маданият өкүлү Назира Аалы кызынын атасы.

«Барометрдин” жалпы жааматы Аалы Молдокановдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ссылка: https://barometr.kg/madaniyattyn-emgek-siirgen-ishmeri-aaly-moldokanov-kz-zhumdu



Добавить комментарий