Маданият министри Жапаровдон сөгүш алды

7 августа 2021 18:03 1604 Barometr
Поделиться в:
ok

Садыр Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге Мээрим Жуманазарова менен Акжол Махмудовго сөз бербегендиктери үчүн сөгүш жарыялады. Бул тууралуу “Баромтер” билдирет.

Олимпиададан кайтып келген катышуучуларды тосуп алуу иш-чарасы азыркы тапта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда болуп жатат. Буга чейин Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбековага сөз берилген.

Андан соң күйөрмандар Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазарованын атын айтып колдоп чыгышты. Бирок уюштуруучулар аларга сөз беришкен жок.

Жапаровдун айтымында, уюштуруучулар Тыныбековага сөз берип, бирок дагы байгеге ээ болгон дагы эки адамды унутуп салышкан.

“Бул үчүн министр Иманалиевге сөгүш жарыялайм”,-деп айтты президент.

 

Ссылка: https://barometr.kg/madaniyat-ministri-zhaparovdon-sgsh-aldy



Добавить комментарий