Мадамин Каратаев: "Өлкөдө ачык кургак учук менен ооругандардын саны 1218, алар көрүнгөн жерге түкүрүүгө тыюу салынат"

16 января 2019 16:49 1138 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кургак учук менен ооруган адамдарга түкүргөнгө атайын бөтөлкөлөр берилет. Бөтөлкөгө кеткен акчаны Саламаттыкты Сактоо министрлиги каржылайт. Бул тууралуу аталган министрликтин орун басары Мадамин Каратаев бүгүнкү парламенттеги жыйында билдирди. 

Анын айтымында, 2018-жылы 5622 жалпы кургак учук менен ооругандар болсо, алардын ичинен ачык формадагы ооругандардын саны  1218 болот. Мындай көрсөткүч 2017-2018 жылдарга бирдей эле көрсөткүч болот. Эч кандай жылыш болгон эмес. 

Бул маселе боюнча депутат Дастан Бекешов ачык формадагы кургак учук менен ооругандарга түкүрүк боюнча кандай чаралар көрүлөт?-деген суроону берди.

Мадамин Каратаев: "Кургак учук менен ооруган адам көрүнгөн жерге түкүрүүгө болбойт. Аларга атайын идиш берилет. Бөтөлкөнүн акчасы мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Врач катары жерге түкүргөндөр боюнча туура эмес деп эсептейм. Гигиенага жана маданиятка дагы жатпайт"-деди. 

Бүгүн 16-январда парламентте калкты кургак учуктан сактоо тууралуу мыйзам талкууланды.

Ссылка: https://barometr.kg/madamin-karataev-lkd-achyk-kurgak-uchuk-menen-oorugandardyn-sany-1218-alar-krngn-zherge-tkrg-tyyuu-salynat



Добавить комментарий