Каратаев: Биздин ПЦР тесттер сапатсыз жүргүзүлбөйт
Москвадан кыргыз жарандарынан коронавирус тастыкталган. Ал эми, Кыргызстанда алынган анализдердин жыйынтыгы терс чыккан. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев "Барометрге" брифинг учурунда түшүндүрмө берди.
"Биздин ПЦР тесттер сапатсыз жүргүзүлбөйт. Анализдин качан тапшырылгандыгы маанилүү. Себеби, вирус жугузуп алуу ар бир мүнөттө болушу мүмкүн. Кечээ аталган эки жаран Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калган адистер 3 күн изоляциядан кийин, кайталап алынган анализи терс чыкса, жумушка чыгышат».
"Вирустун бар-жогу лабораториялык текшерүүдөн кийин гана тастыкталат. Өлкөдө 13 вирусологиялык лабораторияда (полимераздык чынжыр реакциясы) 16 ПЧР-аппараты бар, алардын ичинен 3 мобилдик экспресс диагностикалык лаборатория Баткен, Чүй жана Жалал-Абад облустарында орнотулган. Ошондой эле, келишимдин негизинде жеке лаборатория COVID-19 вирусуна анализ жүргүзүүгө көмөк көрсөтүп, Талас облусунда ветеринардык кызматтын лабораториясынын базасында вирусологиялык лаборатория жайгаштырылган. Кадрларды даярдоо максатында лабораториялык кызматтын 30 адиси, анын ичинде 22 вирусолог-дарыгер жана 8 лаборатория жардамчысы окутулду. Мындан тышкары, ИФА жана ПЧР-ыкмалары менен иштеген жеке лабораторияларды тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды", - деди Каратаев.
Ссылка: https://barometr.kg/madamin-karataev-bizdin-pcr-testter-sapatsyz-zhrgzlbjt
Добавить комментарий ×