Тобу менен автобуста бараткан милиционерлер боюнча ИИМ түшүндүрмө берди

4 апреля 2020 16:39 1576 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер министрлиги автобуста тобу менен бараткан милиция кызматкерлери тууралуу сүрөткө түшүндүрмө берди.

Эске салсак, социалдык тармакта тобу менен үймөлөктөшүп автобуста бараткан милиционерлердин сүрөтү тараган.

"Азыркы учурда  Кыргызстанда жана башка бардык өлкөлөрдө  коронавирус илдети жайылап жаткандыктан коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Өзгөчө абал учурунда бардыгы үйдө отура албайт, анткени укук коргоо органдары, мамлекеттик жана айрым уюмдар абалдын оорлугуна карабай иш үстүндө болууда. Өзгөчө абал учурунда коронавирус илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу бардык соода-түйүн комплекстери, билим берүү мекемелери жабылып, маданий-массалык, спорттук жана башка иш-чаралар токтотулган. Ички иштер органдары жана башка күч түзүмдөрүнө коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо жүктөлгөн. Коомдук транспорт токтотулуп, жеке транспорт менен жүрүүгө дагы уруксат берилбегендиктен, милиция кызматкерлери дагы өз унааларын токтотууга туура келген. Көчөлөрдө кайгулдоого тартылган кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында алар жашаган жери боюнча милициянын бөлүмү менен бөлүмчөсүнө бөлүнүп берилип, аталган бөлүктөрдө кызматтарын өтөөдө. Андан сырткары, санитардык-карантиндик эпидемиологиялык посттордо, блокпосттордо турган кызматкерлер жеке коргоонуучу атайын кийимдер менен жабдылган. Кызматкерлерди кызматтык автоунаалар менен алып кетип, кайра жеткирип жатышат.  Ал эми, алыс жашагандар кыйынчылыктарга дуушар болбоолору үчүн аларды автобустар менен ташууда. Автобустардын ичи атайын каражаттар менен тазаланып турат. Ошондой эле, кызматкерлер зарыл болгон жеке гигиеналык каражаттар менен камсыздалгандыгын билдиребиз",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/maalymattyk-agenttikterdegi-bildir-boyuncha



Добавить комментарий