Абылгазиев иш сапары менен Алматы шаарына барды

31 январь 2020 10:22 1275 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу  Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди. 

Абылгазиев иш сапары менен Алматы шаарына ( Казакстан) барып, анда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. 

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында 14 маселе талкууланат, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүгө, мурда берилген тапшырмаларды аткарууга, санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын калыптандырууга, интеграциялык бирикмелердин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу Келишиминин үстүндө иштөөгө, эл аралык эрежелерди жана тажрыйбаларды эске алуу менен атайын коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин жакшыртууга тийиштүү маселелер бар.


Ссылка: https://barometr.kg/m-abylgaziev-ish-sapary-menen-almaty-shaaryna-bardy



Добавить комментарий