Абылгазиев Эл аралык финансылык корпорациянын аймактык вице-президенти Джорджина Бэйкер менен жолугушту

27 февраля 2020 11:10 390 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эл аралык финансы корпорациясынын Латын Америка жана Кариб, Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча вице-президенти Джорджина Бэйкер менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушууда жеке секторду өнүктүрүү аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу, ошондой эле экономиканын түрдүү тармактарындагы жаңы инвестициялык долбоорлорго жардам берүү үчүн Кыргыз Республикасы менен Эл аралык финансы корпорациясынын ортосундагы  мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды.

Джорджина Бэйкер Эл аралык финансы корпорациясынын делегациясы республикага инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү  жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы финансылык инструменттерин жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо максатында келгенин билдирди.

Абылгазиев Эл аралык финансы корпорациясына өлкөдөгү инвестициялык дараметти натыйжалуу колдонууга, чакан жана орто бизнести каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин өнүктүрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Муну менен катар премьер-министр IFCтин медициналык жабдууларды өндүрүү жана гемодиализ кызматын көрсөтүүдө лидер болуп саналган «Фрезениус Медикал Кэйр» эл аралык компаниясын тартып, республикада гемодиализ борборун уюштуруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн биринчи долбоорун жүзөгө ашырууга кошкон салымын белгиледи. Ал ошондой эле финансылык институттун биз үчүн абдан маанилүү болуп саналган саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөлөрүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы жаңы долбоорлорду даярдоого көмөк көрсөткөнүн да белгиле

Премьер-министр жана IFCтин аймактык вице-президенти Эл аралык финансы корпорациясынын башка өлкөлөрдө аэропортторду өнүктүрүү чөйрөсүндө окшош долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чоң тажрыйбасын эске алуу менен бул багыттагы биргелешкен кызматташтык ийгиликтүү болоруна ишенимин билдиришти.

Бэйкер Абылгазиевге биргелешкен долбоорлорду, баарынан биринчи кезекте, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгүлөрдү илгерилетүүгө өзү көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара өнөктөштүк алакасы мындан ары да тереңдерине ишенерин кошумчалады. 

Ал ошондой эле социалдык турак-жай куруу чөйрөсүндөгү инвестициялык кызматташтык боюнча пландарды дагы белгиледи.   

Ссылка: https://barometr.kg/m-abylgaziev-el-aralyk-finansylyk-korporaciyanyn-ajmaktyk-vice-prezidenti-dzhordzhina-bejker-menen-zholugushtu



Добавить комментарий