Лунара Мамытова: "Карылар үнөмдөп акча чогултуп, чет өлкөгө саякаттаса болот"

1 октября 2018 15:15 9013 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Пенсия алган карылар үнөмдөп акча чогултуп, дүйнө жүзүн кыдырса болот. Мындай оюн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова жеке баракчасына жазды.  

"Франция, Германия , Бельгия , Америка, Турция, Египет , Америка ж.б. өлкөлөргө мен мурун эле барып келгемин. Министрликке келгенге чейин эле. Өз каражатымдан. Себеби менин девизим-дүнүйө чогултпай, дуйнө кыдыр! Ошондо ички дүнуйөң кенейет, чоңоесун, акылына акыл кошулат. 198.5 км2 жерден башка да толтура жер бар. Каткан акчанды чыгар. Ооба баягы кара күнгө деген. Андай болбосо кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясынан чогулткандай, топтоп, туристтик компаниянын бирине барып, кыялындагы бир мамлекетке бар. Мен ошондой пенсионерлерди билем, жыл сайын саякатташат. Жашоо манызы...Генетикалык кедейчиликтен арылуу... Эртенки кун бүгүн башталат. Эртен, кечээ абстракттуу. Бугун да. Ушул мүнөттөр гана бар. Көрө албастыкты токтот. Шылтоолорду, актанууну да. Бироо жонундо кыпындай да жаман ойлобо. Ушак суйлобо. Жазба да. Укпа да. Жашаш керек. Болгондо да бактылуу жашаш керек. Бул менин жеке аккаунтум, бул себептен мотивациялык гана сүрөттөрдү тартуулагым келген жана келе берет. Бактылуулук көрсөтөт. Сүйүү көрсөткөн. Кайгы-капа ансыз деле жетиштүү. Жашыра турган эч нерсе жок. Адам болунуз. Кун сайын, мүнөт сайын...Бар бол жана дайыма эсинде болсун, азыр жашап башта, зыянынды эч бир инсанга тийгизбе. Жолдо турган ар бир кабанаак итке токтолуп, убакыт текке кетирбе. Жашоо сонун карачы?!"-деп жазылган.

Ал эми айрым интернет колдонуучулар министрдин орун басарынын мындай сөзүнө кошулбайт. Мындай жөнөкөй сөз менен айтып койгон постко айрымдары кыжырданып дагы жиберишти. Кыргызстандын пенсионерлери айына 5-6 миңдин тегеринде алган акчасына эптеп айдан айга суу нанга жетсе жетет, жетпесе жок экенин айтышып, нааразы болгондор да болушту. 

Ссылка: https://barometr.kg/lunara-mamytova-karylar-nmdp-akcha-chogultup-chet-lkg-sayakattasa-bolot



Добавить комментарий