Лунара Мамытова өзүнө карата айтылган маалыматтарды четке какты

9 октября 2018 17:30 967 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 9-октябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетүү үчүн арыз жазганы белгилүү болду. Мамытова өзүнө коюлган айыптоолор менен макул эместигин, учурда коомчулукту адаштыруу үчүн так эмес маалыматтар берилип жатканын barometr.kg`ге айтып берди.

“Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен чет өлкө сапарына чыгуу мыйзамсыз болгон деп айтышкан. Бул долбоор 2015-жылы башталып, мага чейин бул жол менен 62 киши чет өлкөгө чыккан. Алардын эч бирине чара көрүлгөн эмес.

Менин дипломатиялык паспорт менен эмгек өргүү учурунда чет өлкөгө чыкканым тастыкталган жок. Азыр жаштарды, таза адамдарды да буттан чалуу аракеттери болуп жатат. Азыр түрдүү жалган маалыматтар коомчулукка тарап, эми анын баарын төгүнгө чыгарууга мүмкүн болбой жатат”, - деди Мамытова.

Ссылка: https://barometr.kg/lunara-mamytova-diplomatiyalyk-pasporttu-zheke-kyzykchylykka-pajdalan-emesmin-al-tastyktalgan-zhok



Добавить комментарий