Лукашенко эмне үчүн өз уулун президенттин жардамчысы кызматынан бошотту?
Беларуссиянын президенти Александр Лукашенконун тун уулу Виктор Лукашенко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекет башчысынын жардамчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу “БЕЛТА” агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” маалымдайт.
Тиешелүү жарлыкка президент 26-февралда кол койгон. Виктор Лукашенконун отставкасы анын башка кызматка өткөнүнө байланыштуу экени маалымдалды.
26-февралда мамлекет башчынын уулу Улуттук олимпиадалык комитеттин (УОК) төрагалыгына киришти. Ал бул кызматка Улуттук олимпиадалык комитеттин 1997-жылдан бери жетектеп келген атасы Александр Лукашенконун ордуна келди. Виктор Лукашенко 2019-жылдан бери УОКтун биринчи вице-президенти.
Жаңы дайындоо Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) 2020-жылдын декабрь айында Беларуссиянын президентин жана анын жакындарын уюмдун карамагында өткөн бардык иш-чараларга катышуусуна тыюу салган санкцияларына байланыштуу болушу мүмкүн. Чектөөлөрдүн себебин - спортчуларды саясий басмырлоо деп түшүндүргөн Эл аралык Олимпиада комитети.
Ссылка: https://barometr.kg/lukashenko-emne-chn-z-uulun-prezidenttin-zhardamchysy-kyzmatynan-boshottu
Добавить комментарий ×