Бир жыл боюу дайынсыз делген адамдын жансыз денеси табылды
Бир жыл мурун дайынсыз жоголгон адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Ата РИИБнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 10-июнунда Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери барган учурда Ново-Покровка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринин бастырмасынын артына курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жерден адамдын сөөгү чыккан.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул сөөктүн өздүгү такталып, ал 2021-жылдын декабрь айынан бери дайынсыз жоголуп издөөдө жүргөн 1977-жылы туулган З.Е. болуп чыккан.
Андан аркы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, өлтүрүлгөн адам менен чоогу жашаган 1969-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган.
Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, 2021-жылдын 7-декабрында саат 22:00дөр чамасында үй-бүлөлүк чырдан улам аял шеригин бычактап өлтүрүп, андан кийин аны үйдүн короосуна көмүп койгону аныкталган.
Дайынсыз жоголуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул аял жалган көрсөтмө берип келгени да такталды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмышка шектүү Ысык-Ата райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/ltrp-kmp-kojgon-bir-zhyl-boyuu-dajynsyz-delgen-adamdyn-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×