"Өлүмгө алып келет": Малышева эң коркунучтуу бөлмө гүлдөрүнүн тизмесин атады

9 декабря 2020 09:35 1181 Barometr
Поделиться в:
ok

Адамдардын өмүрү үчүн кооптуу болгон популярдуу бөлмө өсүмдүктөрүнүн тизмеси аталды. Бул тууралуу дарыгер жана теле алып баруучу Елена Малышева Россиянын "Биринчи каналынын" эфири учурунда билдирген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мындай гүлдөдүн катарына: диффенбахия, монстера жана антуриум кирген.

Айрыкча, диеффенбахиянын ширеси жана секрециясы уулуу, эгерде алар былжырлуу челге тийсе, шишикти пайда кылышы мүмкүн. Дарыгердин айтымында, мындай таасирлер өсүмдүктүн курамындагы кальций оксалатынан пайда болот.

Дагы бир уулуу, бирок, популярдуу үй гүлү - бул монстра, деп кошумчалады ал. Курамында кальций оксалат бар, бирок ага кошумча, түнкүсүн көп көлөмдөгү көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат.

Антуриум өз кезегинде териге тийгенде гистаминдин өндүрүлүшүн стимулдаштыруучу заттарды камтыйт, бул адамда аллергиялык реакцияны пайда кылат.

Малышева жана анын кесиптештери өсүмдүктөрдү балдар уктоочу бөлмөлөрдө сактабоого үндөштү, анткени алар коопсуз болсо дагы, чоң жалбырактарга көп чаң топтолуп, топурагында коопту заттар пайда болот.

Ссылка: https://barometr.kg/lmg-alym-kelet-malysheva-e-korkunuchtuu-blm-gldrnn-tizmesin-atady



Добавить комментарий