"Өлүмдөн сууруп чыкты". Темир жол кызматкеринин эрдиги интернетте мактоого алынды

20 апреля 2021 17:42 7663 Barometr
Поделиться в:
ok

Индияда темир жол станциясынын жумушчусу өз өмүрүн тобокелге салып, рельске кулап кеткен баланы сактап калды. Соцтармакта, саналуу мүнөттө баланын өмүрүн сактап калган учурдун видеосу пайда болду. Бул тууралуу интернетке жарыяланган видео материалга шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя Индиянын Мумбай шаарынын “Вангани” станциясында болгон.

Видео тасмада көрүнүп тургандай, рельске кулап кеткен бала сыртка чыгууга өзүнүн күчү жетпейт болчу. Окуяга күбө болгон темир жол станциясынын кызматкери поезд жакындап калганын көрүп, рельске секирип түшүп, балыны куткарып, өзү да чыгып кетүүгө үлгүргөн.  

Видео интернетте жарыялангандан кийин, соцтармак колдонуучулары баланы куткарып калган кызматкерди баатыр деп атап, ал жасаган эрдиги үчүн эң жогорку сыйлыкка татыктуу экендигин белгилешти.


Ссылка: https://barometr.kg/lmdn-suurup-chykty-indiyada-temir-zhol-kyzmatkerinin-erdigi-internet-koldonuuchularynyn-alkyshyna-arzydy



Добавить комментарий